Соцтармак спортчу кыздын жарым жылаңач сүрөтүн блокко салды
RU

Соцтармак спортчу кыздын жарым жылаңач сүрөтүн блокко салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Көркөм муз тебүү боюнча олимп чемпиону Алина Загитова өзүнүн TikTok-аккаунтуна кара купальникчен бийлеп жаткан видеосун жарыялаган. Бирок эки сааттан кийин "Коомчулуктун тартибин бузгандыгы үчүн" соцтармактын администратору ролик өчүргөн.

Кодонуучулар ал видео боюнча түрдүү пикирлерин калтырышты. Айрымдары 19 жашар спортчу кыздын фигурасына баа берип, суктанышса, башкалары сындап чыгышкан.

"Алина, эмне кереги бар эле? Сен сулуусуң, фигураң да жакшы. Аны элге көрсөтүүнүн кандай зарылчылыгы бар? Ата-энең эмнени карап жүрөт?" - деп фанаттардын бири жазган.

"Алина, сураныч, инстаняшкага айланбачы", - деп дагы бир күйөрманы жазды.

Ошондой эле, татар болуп туруп, өз денесин элге көрсөткөнү туура эмес, дегендер да арбын болду.

"Спортто сени ар дайым сыйлачумун. Бирок азыркы жүрүм-турумуң жакшы эмес. Татар болуп туруп, муну көргөнүмө арданып жатам", - деп бир катталуучу жазган.

Күйөрмандардын сын пикиринен Россиянын эмгек сиңирген машыктыруучусу Татьяна Тарасова коргоого аракет кылды. Анын айтымында, мындай нерселерге көңүл бурбай эле коюу керек.

"Эмне, эми купальник кийгенге болбойбу? Майда-чүйдөгө көңүл бурбай эле коюш керек. Элдин башка кылаарга иши жок", - деп "Спорт-Экспересске" берген интервьюсунда айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4654