Рафаэль Физиев айланып тепкени үчүн 50 миң доллар алды
RU

Рафаэль Физиев айланып тепкени үчүн 50 миң доллар алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз өлкөсүнөн баш тарткан мушкер Рафаэль Физиев "UFC on ESPN 31" турнириндеги жаңы зеландиялык Брэд Ридделлди жеңгени үчүн жалпы 104 миң АКШ долларын алат. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, мушкерге берилген 104 миң доллардын ичинен 24 миң доллар беттеш үчүн, дагы 24 миң доллар жеңиш үчүн, 50 миң доллар турнирдеги эң жакшы көрсөткүч үчүн бонус, 6 миң доллар беттешке бир жума калгандагы кызыктыруучу төлөм катары берилген.

Ал эми анын атаандашы Брэд Ридделл 46 миң 500 доллар алат.

4-декабрдан 5-декабрга караган түнү АКШнын Лас-Вегас шаарында Рафаэль Физиев Брэд Ридделлди беттештин үчүнчү бөлүгүндө техникалык нокаут менен жеңип алган.

Эске салсак, Рафаэль Физиев буга чейин мындан ары Кыргыз өлкөсүнүн атынан мелдештерге катышпай турганын жарыялаган. Ал Бред Ридделл менен болгон беттешке Кыргыз өлкөсүнүн желегисиз чыкты.

Маалымат super.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4655