Бүгүн президенттин туулган күнү. Садыр Жапаров бул күндү эмне кылып өткөрөт?
RU

Бүгүн президенттин туулган күнү. Садыр Жапаров бул күндү эмне кылып өткөрөт?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 6-декабрь Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун туулган күнү. Ал быйыл 53кө чыкты.

Президенттин катчысы Эрбол Султамбаевдин билдирүүсу боюнча, президент үчун бул күндүн башка иш күндөрүнөн айырмасы деле болбойт.

"Садыр Жапаров бул күндү иш ордунда өткөрөт. Пландаштырылган кеңешме жана жолугушуулар кадимки тартипте өтөт.

Кечинде болсо, Президент туулган күнүн үй бүлөсү менен тар чөйрөдө белгилейт", - дейт Эрбол Султамбаев.

Садыр Жапаровду туулган күнү менен коңшу өлкөлөрдүн лидерлери куттуктап телефон чалышты.

Өзбекстандын Президенти телефон аркылуу Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Шавкат Мирзиеев, Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубатчылык жана албан ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстандын элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады. Ал Садыр Жапаровдун эки өлкөнүн ортосундагы достук жана стратегиялык мамилелерди чыңдоодогу олуттуу салымын белгиледи.

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев Садыр Жапаровду туулган күнү менен жылуу куттуктап, бекем ден соолук, бакубатчылык жана бир тууган Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Президент Садыр Жапаров кесиптештерине жылуу каалоо-тилектери үчүн ыраазычылык билдирип, күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча биргелешкен достук жана конструктивдүү ишти улантууга даярдыгын тастыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4662