Эмнеге Камчыбек Ташиев кирешеси жөнүндө отчет берген жок?
RU

Эмнеге Камчыбек Ташиев кирешеси жөнүндө отчет берген жок?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Финансы министрлигине караштуу салык кызматы 2019-2020-жылдар үчүн чиновниктердин кирешеси жана чыгашасы тууралуу декларацияларды жарыялады.

Бирок тизмеде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жок. Kaktus.kg бул суроо менен Мамлекеттик салык кызматына кайрылды.

МСК декларациянын жоктугу мыйзамдуу көрүнүш экенин ишендирди.

"Мыйзамга ылайык, саясий, атайын, жогорку мамлекеттик ажминистративдик жана муниципалдык кызматты ээлеген жана алардын жакын туугандарынын киршеси, чыгашасы жана ээлик кылган мүлкү тууралуу маалыматты жарыялоого болот. Бул тизмеге улуттук коопсуздукту камсыздаган жарандар кирбейт", - деп ведомоство түшүндүрдү.

Отчеттордо ИИМди башчысы Улан Ниязбековдун жана башкы прокурор Курманкул Зулушевдин декларациялары бар. Бирок УКМКнын жана Коопсуздук кеңештин төрагаларынын декларациялары жок.

Курманкул Зулушев - КРдин башкы прокурору

Зулушев 2020-жылы 750 722 сом 74 тыйын киреше тапкан. Ал төмөнкүлөргө ээлик кылат:

  • автомобиль Toyota;
  • эмерек - 70 миң сом;
  • компьютерлер жана техника - 35 миң сом;
  • бодо мал - 250 миң сом;
  • жылкылар - 700 миң сом;
  • асыл тукум жылкылар - 1,65 млн сом.
  • Генпрокурордун кыймылсыз мүлку жок экен.

Жакын туугандары 250 миң сом киреше таап, 4,9 млн сом чыгаша кылышканын отчет кылышты. Алардын 8,1 га жерлери жана 119 кв.м. анан 213,7 кв.м кыймылсыз мүлктөрү бар экен.

Улан Ниязбекова - ИИМдин башчысы

Министр бир жылда 760 023 сом тапканын билдирди. 800 кв.м жерлери да бар экен, бирок бул тууралуу так маалымат жок. Жакын туугандары боюнча отчет берген эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4669