Депутаттыкка талапкер Акбөкөн Таштанбеков кармалды
RU

Депутаттыкка талапкер Акбөкөн Таштанбеков кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Ата районунун бир мандаттуу округунан депутаттыкка талапкер Акбөкөн Таштанбеков УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ, 6-декабрда таң эрте Таштанбековду УКМКнын борбордук башкармалыгына алып барышып, социалдык түйүндөрдө улуттар жана аймактар ​​аралык араздашууну ачыктан-ачык козутуп жаткан видеосу үчүн суракка алынган.

Бул факты боюнча УКМК "Улуттар аралык жана аймактар ​​аралык кастыкты козутуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Таштанбеков УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4671