Өрттөн улам улгайган адам каза болду (видео)
RU

Өрттөн улам улгайган адам каза болду (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чолпон-Ата шаарында, 5-декабрда, саат 18:35те Акматбай-Ата көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, өрттүн кесепетинен 1958-жылы туулган адам каза болгон.

Өрт саат 18:53тө локализацияланып, саат 20:15те толугу менен өчүрүлгөн. Күйүү аянты 50 чарчы метрди түзөт.

"Өрттүн келип чыгышына электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болгон", - деп белгилешти ӨКМ.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4675