Жаңы конушта мыйзамсыз үй салып алгандарга мобилдик топтор жөнөтүлөт
RU

Жаңы конушта мыйзамсыз үй салып алгандарга мобилдик топтор жөнөтүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаңы конуштардагы жер тилкелердин документтерин мыйзамга ылайык келтирүү максатында 7-декабрдан тартып мобилдик топтор иштеп башташат. Бул тууралуу борбордук мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Көчмө группалар салынган үйлөрду изилдеп чыгып, жеринде техникалык паспорт жасап беришет.

Мобилдик көчмө топтун жаңы конуштарды кыдыруу графиги мэриянын расмий сайтына жарыяланат.

Ошол эле учурда техникалык паспорт мыйзамдаштыруу дегендик эмес, бул жөн гана кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтын жыйындысы, экендиги белгиленет. Мэриянын айтымында документ жер тилкелерди мыйзамдаштырууга жасалган алгачкы этаптардын бири.

Ошондой эле шаар бийлиги алгачкы изилдөө жүргүзүү үчүн кандай документтер керек экенин эскертти:

  • Өздүгүн тастыктаган күбөлүк (ID-карта, түп нускасы же көчүрмөсү);
  • Кварталдык комитет тарабынан тастыкталган коңшулардын тил каттары;
  • Көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк бирдигинде жашагандыгы тууралуу (үй бүлө курамын көрсөтүлсүн) кварталдык комитет же МТУ төрагасы тарабынан тастыкталган маалымкат;
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4681