Акылбек Жапаровдун кирешеси жөнүндө декларация: контейнерлер жана мерседестер
RU

Акылбек Жапаровдун кирешеси жөнүндө декларация: контейнерлер жана мерседестер

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

КРдин премьер-министри Акылбек Жапаров 2019-2020-жылга карата Жогору Кеңештин депутаты статусунда өзүнүн жана жакын туугандарынын кирешеси жана чыгашасы тууралуу отчет берди.

Жапаровдун жеке мүлкү ар дайым көңүл чордонунда болуп келет, анткени анын аты менен бир нече чуулгандуу окуялар бйланыштуу.

2019-жыл

Акылбек Жапаров 2019-жылы 912 миң 369 сом киреше тапкан. Менчигинде жыл сайын декларация толтурганда жазыла турган 77,5 кв.м батири көрсөтүлгөн.

Жакын туугандарынын иши алда кайда жакшыраак жүрөт экен.

  • кирешеси - 24 млн 64 миң 802 сом;
  • жалпы аянты 2 329,3 кв. м болгон 5 контейнер;
  • Mercedes-Benz (210, 410, 409, 08, 811, 7100, 308) үлгүсүндөгү 7 унаа, алардын жалпы баасы 2 млн 873 миң сом.

2020-жыл

Жапаровдун кирешеси 815 миң 357,27 сомду түзгөн. Ал эми жакын тууганыныкы - 96 млн 745 миң 719,5 сом. Эки декларанттын тең чыгашалары көрсөтүлгөн эмес. Ээлик кыла турган мүлкү - баягы эле аянты 77,5 кв.м болгон батир, беш контейнер, сегиз Mercedes-Benz. Бирок 2020-жылдагы декларацияда машинелерди наркы жазылган эмес.

2015-2018-жылдар

2015-жылы декларацияга ылайык Акылбек Жапаров болгону 81 миң сом тапкан. 2016-жылы бир аз көбүрөөк. Эмнегедир декаларацияда жубайынын мүлку көрсөтүлгөн эмес. Бул маселени Башкы прокуратура иликтемек болчу, бирок ага чолосу тийбей калды көрүнөт.

2017-жылы Жапаров 892 миң 234,76 сом тапкан. Туугандары 55 млн 895 миң 647,01 сом.

2018-жылы Жапаровдун жана жакын туугандарынын декларация боюнча мүлкү өзгөрүүсүз калган. Болгону кирешеси өзгөргөн - 918 миң 605,78 сом Жапаровдун өзү тапса, туугандары 23 млн 640 миң 340,88 сом киреше табышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4682