Назира Айтбекова "уят" деп жазгандарга жооп катары жылаңач түшкөн сүрөтүн жарыялады
RU

Назира Айтбекова "уят" деп жазгандарга жооп катары жылаңач түшкөн сүрөтүн жарыялады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Атактуу алып баруучу жана актриса Назира Айтбекова жылаңач түшкөн сүрөтүн социалдык тармактагы баракчаларына жарыялап катталуучуларынын кызуу талкуусун жаратты. Айрымдары анын эр жүрөктүгүно баа беришсе, башкалары катуу сынга алышты.

Айтбекова ага "уят" деп жазгандарга жооп катары дагы бир пост чыгарган.

""Уят эле уяяяят!"

Бизде кыргыздарда уят кийимге эле бүткөн! Кийим кийип алып коррупция кылсаң , уят эмес!

Кийим кийип алып, ууру кылсаң, элдин казынасына, ырыскысына кол салсаң, уят эмес! Кийим кийип алып, каратып туруп, калп айтсаң, уят эмес!

Кийим кийип алып, сүрөтүн тартып алып, *екс сунуштаган уят эмес!

Кийим кийип алып , элдин , балдарыңардын келечегин 500 - 1000 сомго саткан уят эмес!

Кийим кийип алып, аялдарыңардын, эрлериңердин башын аттагана уят эмес!

Кийим кийип алып, киши өлтүргөн уят эмес!

Кийим кийип алып, аялыңарды ур - токмокко алган уят эмес!

Кийим кийип алып, балдарыңарды, өз кызыңарды, туугандарыңардын балдарын зордуктан уят эмес!

Кийим кийип алып, бирөөнү зордуктап коюп , кетип калган уят эмес!

Бала жасап коюп, алменттен качып жүргөн уят эмес!

Кийим кийип алып, ушактаган, жек көргөн, ичи таарыган уят эмес!

Кийим кийип алып, калп айтып, асмандын башын айткан уят эмес!

Кийим кийип алып, кызматына, байлыгына карата мамиле кылган уят эмес!

Айтор, адамгерчиликтин баарын тебелеген уят эмес да жаратылышты көргөзгөн эмнегедир уят!

Адамдар, але , келесоосуңарбы? Мээңер мн ойлонгон ошончо оорбу???

Денесин көргөзгөн эч нерсе эмес! Ар бириңе караганда таза жашайм! Уурадабайм, өлтүрбөйм, жаман ой жугузбайм, жаман иш жасабайм, көрүнгөн мн оонабайм, адал тамак табам.

Анан укмуш нерселерди эмнеге "Уят!" деп чыкпайсыңар?! Эмнеге ???? Мээңерди иштетип алып, уят деген эмне ойлонуп алып, анан жазгылачы, байболгурлар!

Эй , эки жүздүүлөр, маска кийип алып, эл алдында башканын ролун ойногон уят эмес да менин сүрөтүм уятпы? Өзүңөрдүн башыңардагы төөнү көрүп алгыла алгач! Анан уят дегиле!" - деп актриса сүрөтүнүн алдына жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4691