Шайлообек Атазов прокуратура аны кысымга алып жатканын билдирди
RU

Шайлообек Атазов прокуратура аны кысымга алып жатканын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоо учурунда анын оппоненти тарабынан мыйзам бузуулар болгонун кайрадан билдирди. Эске салсак, Шайлообек Атазов Төлөйкен бир мандаттуу окург боюнча талапкер.

8-декабрда өткөн парламенттик жыйын учурунда ал "өзүнүн 17 миң шайлоочусунун укугун коргоого даярмын, антпесе алар өз укугун коргоо үчүн "Ак үйдүн" алдына келишет" деп айткан

"Эгер мени менен бир округдан Камчыбек Ташиев же Адахан Мадумаров чыкса, мен өзүм борбордук аянтка чыгып, аларды өткөрүп жибермекмин. Бирок мени менен катар он жылдап өлкөнү тала-тоногондор чыгышты. Прокурорлор колдогон талапкердин декларацияда көрсөтүлбөгөн бир нече ОсООсу жана мүлктөрү бар. Ошолорду текшергиле, алар кантип байып, кантип элди сатып алганын. Бир тууган инисин айыл өкмөт башчы коюп алып, админ ресурс колдонуп, элди колунан жетелеп келип, мына ушуга шайлайсың деген видео далилдери бар. Эгер учурда депутат болуп турган кишиге телефон чалып коркутуп жатса, анда карапайым элге кандай мамиле кылат булар?", - дей Атазов.

Мени звоноктор менен коркута албайсыңар. Биздин артыбызда эл турат. Тергөөчү аныктап чыккан нерсени, виски ичип отуруп, жарым саатта жаап кой деген прокурорго карата чара көрөсүздөрбү?

Депутат Атазов генералдык прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, Ош шаардык прокуратурасынын кызматкерлерине карата чара көрүүнү суранды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4695