Бишкек - Новосибирск рейси менен бараткан жубайлар учактан ызы-чуу салышты
RU

Бишкек - Новосибирск рейси менен бараткан жубайлар учактан ызы-чуу салышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Новосибирскийдеги "Толмачево" аэропортунун транспорт полициясы Бишкектен учуп келген учакта ызы-чуу салган жубайларды камакка алды. Бул тууралуу РИА Новости Россиянын ИИМинин расмий өкүлү Ирина Волкко шилтеме берип билдирди.

ИИМ берген маалыматка ылайык, "Окуя болгон жерге келген транспорт полициясы дароо эркек кишини жана анын жубайын камакка алышкан. Алар бизнес-класс менен учуп келишкен. Жолдо баратканда экөө тең спирт ичимдиктерин ичип, сөгүнүп, башка жүргүнчүлөргө тоскоол болушкан. Камакка алынып жатканда аял патрулдук-кызматкерди муштум менен бир соккон", - деп Волк айтып берди.

Жубайлар Новосибирсктин тургундары экени аныкталды. Учурда алар камакта.

"Россия Федерациясынын Тергөө комитети полицияны урган жаранга карата кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда", - деп ИИМдин өкүлү маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4703