Назира Айтбекова эмне үчүн жылаңач түшкөн сүрөттөрүн жарыялаганын түшүндүрдү
RU

Назира Айтбекова эмне үчүн жылаңач түшкөн сүрөттөрүн жарыялаганын түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алып баруучу жана актриса Назира Айтбекова мындан бир нече күн мурун жарыялаган сүрөттөрүнө түшүндүрмо жазып социалдык баракчасына пост жарыялады.

Ал аны сындап жазган катталуучуларына кайрылып, сөз кылып бүттүнөрбү мени, деп жазган.

"Кантип атасыңар анан? Тилиңерди, эгоңорду тырмап бүттүңөрбү? Комплексиңерди толтуруп дегендей. Ушактаганда , жамандаганда, төпөштөгөндө аябай бөксө жериңер толуп, бийик чыгып, кадимкидей эс ала түштүңөрбү деп эле сурап коеюн дегем!

Мен бар тоодой бактыңар бар да! "Мен силердин бактыңарга төрөлгөнмүн!" деген өзүн укмуш бийикке чыгарган ыр бар эле го! Дал ошондой сезейин да өзүмдү! Эмне болуп кетээр экен да!

Мендей тентек кыз керек силерге! Шокотерапия кылып турбасам, Афганистан болуп кетесиңер!" - дейт Айтбекова.

Ошондой эле актриса, мындай сүрөттөрү дагы көп экенин эскертип, катуу жинденгенде чыгарам, деп кошумчалады.

Эске салсак, бир нече күн мурун айтбекова катары менен жарым жылаңач сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчаларына жарыялаган. Ага миңдгене комментарийлер жазылып, коомчулук арасында кызуу талкууга алынган болчу. Жарымы катуу сынга алып, мындай сүрөттү көпчүлүккө жарыялоо уят деп чыкса, экинчи жарымы эрдигине суктанып, бул кадамына баа беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4709