Аял күйөөсүн балка менен өлтүргөн. Кайниси сөөктү жашырууга жардамдашкан
RU

Аял күйөөсүн балка менен өлтүргөн. Кайниси сөөктү жашырууга жардамдашкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Буура райондук соту күйөөсүн өлтүргөн аялга карата өкүм чыгарды. Соттун аныктамасы Жогорку соттун сайтында жарыяланды.

Аты-жөнү өзгөртүлдү.

Мерием менен өлтүрүлгөн Османдын бир тууганы мурда соттолгон эмес. Экөө тең 1994-жылы туулган, Талас районунун Новодонецк айылынын тургундары.

Тергөөнүн жүрүшүндө Мерием 2021-жылдын 30-январында, саат 23:30дар чамасында, өз үйүндө күйөөсү Хасан менен уруша кеткени аныкталган. Жаңжал учурунда ал диванда жаткан балканы алып, күйөөсүнүн башына жана бетине уруп, Хасан ошол жерден каза болгон. Андан кийин соттолуучу Османга телефон чалып, кылмыштын изин жашырууга жардам берүүнү суранган. Жездеси келгенде Хасандын сөөгүн сыртка көтөрүп, сарайдын артына таштап кетишет.

Мерием тагылган айып менен макул эмес. Анын айтымында, 29-январда Хасан үйгө иниси Осман менен келген. Анан күйөөсү экөө мал багууну унутуп калгандыктан уруша кеткен. Хасан көчөгө чыкканда Осман агасы менен эмес, Мерьем менен калганын айтты. Хасан улуу баласын ээрчитип конокко кеткен.

Кайтып келгенде алар чогуу чай ичип, чоң балдарды жаткырып, кичүүсүн тамактандырып жатыптыр. Ошол маалда Осмондон кызганган Хасан аялын ийинине чаап, башына тээп жиберет. Мерьем башка бөлмөгө балдар менен уктаганы кетип калган.

Бир аздан кийин, кошуна бөлмөдөн ызы-чуу угулуп, ал чыгып караганда колунда балка кармаган Осмонду жана кандуу Хасанды көргөн. Осман ага болгон окуяны бирөөгө айтса, балдарын балка менен чаап жиберерин айтат. Ошондуктан ал коркуп, унчукпай Хасандын сөөгүн үйдөн алып чыгууга жардам берет. Анан мешке кандуу жаздык менен балканы ыргытып жиберген.

Бир канча убакыт өткөндөн кийин ал кошунасына телефон чалып, күйөөсү али келе электигин айтып, издөөгө жардам берүүсүн суранган. Кошунасы аялы менен келип Хасандын сөөгүн сарайдын капталынан табышкан. Ошондон кийин гана дарыгерлерди жана участкалык милицияны чакырышкан.

Айыпталуучу аялды милиция суракка алып кетип, ошол жерден коркутуп-үркүтүшкөнүн, ошондуктан ал күнөөнү мойнуна алганын белгиледи.

Ал эми Осман анын сөздөрүн четке какты. Анын айтымында, 29-январда Мерием ага телефон чалып, тез арада келүүсүн суранган. Үйүнө барганда Хасан диванда шейшепке оролуп жаткан. Мерьем андан жардам берүүнү талап кылып, антпесе аны да балка менен өлтүрөрүн айткан. Ошондуктан агасынын сөөгүн сыртка алып чыгууга макул болгон. Анын айтымында кийинчерээк Мерием милицияга жеткирилип, кылган ишин мойнуна алган.

Соттук отурумда кошуналары 30-январь күнү эртең менен Мерьем аларга телефон чалып, Хасан короодо бирөө басып бараткандай сезилгени үчүн, чыгып кеткенин, ошол боюнча үйгө кирбей калганын айтып чакырган. Алар Хасандын үйүнө келгенде, тосмо жабык болгондуктан, Мерьем алардан бакча аркылуу кирүүнү суранган. Сарайдын жанынан өтүп баратканда Хасанды көрүп, анын кан тамыры сокпой калганын билишкен.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында Хасан башынан алган жаракатынан улам каза болгон. Анын баш сөөгү, мурду жана жаагы сынган.

Сот иштин материалдарын изилдеп чыгып, Мериемди 10 жылга эркинен ажыратып, 130 миң сом айыпка жыкты. Ал эми Османды 3 жылга эркинен ажыратышкан. Ага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 83-беренеси колдонулуп, жыйынтыгында 2 жылга шарттуу түрдө кесилген.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4712