Күндүн сүрөтү: Бишкектеги "Кальмар оюну"
RU

Күндүн сүрөтү: Бишкектеги "Кальмар оюну"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек мэриясы борбор калаанын көчөлөрүндө "Кальмар оюнун" уюштурду. Муниципалитеттин айтымында, алар шаардыктарга жол эрежесин сактоонун маанилүүлүгүн эскертүүнү чечишкен.

Рейдди шаардык транспорт башкармалыгынын, Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы транспорт инспекциясынын жана ИИМдин Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүштү.

УГТ кызматкерлери бишкектиктердин көңүлүн бурууну чечип, эл арасында популярдуу болгон "Кальмар оюну" телесериалынын костюмдарына өтүштү. Алар эрежелер жазылган меморандумдарды таркатышкан.

ЖКККБнын кызматкерлери жөө жүргүнчүлөргө жол эрежесин так сактоону жана жолдон өтүүдө кылдаттык менен мамиле кылууну эскертти. Ошондой эле коомдук транспорттун айдоочуларына жүргүнчүлөрдү ташуу учурунда коопсуздукту камсыздоого жана жол эрежелерин сактоого көңүл бурууну сунуштады.

Транспорт инспекциясы документтерди жана коомдук транспорт салондорун санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын текшерди. Андан сырткары айдоочулар жана жүргүнчүлөр менен маска режимин сактоо боюнча сүйлөштү.

Рейддин жыйынтыгында коомдук транспорттун айдоочулары тарабынан жол эрежесин бузган беш факты катталган.

Белгилей кетсек, түштүк кореялык "Кальмар оюну" сериалы аман калуу триллери. Анда 456 адам ошол акчаны алуу үчүн жаш балдардын оюнун ойнойт. Утулганы чын эле өлтүрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4715