Марат менен Жаныш Бакиевдердин үйлөрүн кимдер пайдаланып жатат
RU

Марат менен Жаныш Бакиевдердин үйлөрүн кимдер пайдаланып жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Марат менен Жаныш Бакиевдердин конфискацияланган үйлөрү ар кайсы мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда ФУГИнин (Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду) жетекчиси Мирлан Бакиров брифингде билдирди.

Ал кылмыш иштеринин алкагында турак-жай алгандардын айрымдарын атады. Ар кайсы жылдарда Елисеев, Ким, Үсөнов, Жаныш жана Марат Бакиевдердин кыймылсыз мүлктөрү бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруунун алкагында ФУГИ балансына өткөрүлүп берилген.

2018-жылы Жибек Жолу пр., 519 дарегиндеги Марат Бакиевдин турак-жайы мамлекеттин менчигине өткөн. Ал эми 2019-жылы мекеме Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөн.

Жаныш Бакиевдин Кудайбергенов көчөсүндөгү үйү Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматынын менчигине өткөн. ФУГИ билдиргендей, бүгүнкү күндө имаратта жакында түзүлгөн "Шумкар" ААКсы жайгашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4723