Жаңы эркин айтышка катышуучу акындардын атаандаштары белгилүү болду
RU

Жаңы эркин айтышка катышуучу акындардын атаандаштары белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

8-декабрда саат 17-00 дө Асанбай борборунда акындардын чучу-кулак тартуусу (беттештирүү) болуп, атаандаштары аныкталды. Бул тууралуу иш чаранын уюштуруу комитети маалымдады.

Айтыш боюнча эркин чемпионат 19-декабрда Бишкек шаарында өтөт, дареги: Асанбай маданий борбору. Чемпионаттын өзгөчөлүгү 360 градуска тартуу, көптөгөн кинокамералар менен тартылып, жогорку технологиялык үн менен коштолот.

Калыстык кызматты КР Эл артисти Саламат Садыкова, КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү, "Манас Мурас" коомдук фондунун жетекчиси Исаков Рысбай - манасчы, КР Эмгек сиңирген артисти Амантай Кутманалиев, ал эми Curltai Folk Youtube каналында көрүүчүлөр арасында онлайн добуш берүү болуп, анын "элдик" акынын тандоого болот.

Айтыш-чемпионатына төмөнкүлөр катышат:

  • Акматбек Султан уулу
  • Азамат Болгонбаев
  • Баян Акматов
  • Асылбек Маратов
  • Шайлообек Отунчиев
  • Болот Назаров
  • Медер Курбаналиев
  • Мундузбек Усупбек
  • Сапарбек Зулпуев
  • Жамайка Токонова
  • Темирбек Матыбаева
  • Нурайым Бактияр кызы
  • Аман Жаабаев
  • Эсен Жаабаев
  • Жылдызбек Тороканов
  • Чынгыз Кожошев
  • Турат Жумаев
  • Нурсултан Малдыбаев
  • Кутман Садыбакасов
  • Бакыт Шаршеналиев
  • Мамбет Акын
  • Мамбет Омур
  • Тынчтык Эсенбай уулу
  • Садырбек Турдубек уулу
  • Мукамбет Султан уулу
  • Кадыбек Бейшенов
  • Элмирбек Иманалиев
  • Мундузбек Борончиев
  • Мундузбек Усупбек
  • Абдибали Акимбеков
  • Курсант Нурматов
  • Шекербек Адылов

Чемпионаттын музыкалык коштоосун "Ордо Сахна" фольклордук-этнографиялык театры камсыздайт.

Иш чара калың элдин курчоосунда өтүп, акындар бетме-бет айтышат.

Жалпы байге фонду 500 000 сом, жеңүүчү акча байгесин жана демөөрчүлөр тарабынан атайын күмүш чемпион курун алып кетет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4729