Кыргызстан менен Гаити аралынын территориялары окшош экен. Байкачу белеңер?
RU

Кыргызстан менен Гаити аралынын территориялары окшош экен. Байкачу белеңер?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кариб деңизиндеги Гаити аралынын географиялык формасы Кыргызстанга абдан окшош. Муну Twitter'дин Luka Ivan Jukic деген колдонуучусу байкаган.

Аралдын чыгыш тарабы Кыргызстандыкындай эле томпойуп чыгып турат, ал эми батыш тарабы эки ача болуп бөлүнгөн, ошол эле учурда, түштүк бутагы түндүк бутагынан Кыргызстандыкындай эле узунураак.

Башкы айырмачылыгы, алардын территориясы Кыргызстандыкынан кыйла кичине. Кыргызстандын жалпы аянты 199,9 миң км.кв болсо, Гаити аралынын аянты 76,48 миң кл.кв. Андан тышкары, Гаити аралы - Гаити Республикасы жана Доминикан Республикасы болуп экиге бөлүнгөн. Калкынын саны Кыргызстандыкынан үч эсе көп: Гаити - 20,58 млн, Кыргызстан - 6,592 млн.

Кызыгы, таино тилинен которгондо аралдын аталышы - "тоолу өлкө" дегенди билдирет экен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4742