"Тазалыктын" каза болгон кызматкеринин үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлөт
RU

"Тазалыктын" каза болгон кызматкеринин үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

12-декабрда жол кырсыгынан каза болгон "Тазалык" ишканасынын кызматкеринин үй-бүлөсүнө Бишкек мэриясы акчалай жардам көрсөтөт. Бул тууралуу муниципалдык ишканадан билдиришти.

Маркумдун үй-бүлөсүнө мэриянын фондунан 50 миң сом берилет. Кошумчалай кетсек, "Тазалыктын" кызматкери кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгондугуна байланыштуу үй-бүлөгө Эмгек кодексине ылайык компенсация төлөп берет.

Эскерте кетсек, 12-декабрда эртең менен чыгыш автобекетинен алыс эмес жерден "Тазалык" ишканасынын кызматкерин Жибек жолу жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинен унаа сүзүп кеткен. Ал ошол замат көз жумган.

Kaktus.media редакциясына билдиргендей, сүзүп кеткен Mazda Atenza унаасынын айдоочусунун канынан баңги зат табылган. Ал убактылуу кармоочу жайга камалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4748