Time журналы Илон Маскты жылдын адамы деп атады
RU

Time журналы Илон Маскты жылдын адамы деп атады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Time журналынын версиясы боюнча Tesla'нын генералдык директору, миллиардер Илон Маск "Жылдын адамы" деп аталды.

Time белгилегендей, Масктын өз үйү жок, ал өзүнүн байлыгын сатып жатат, орбитага спутниктерди чыгарып, күндүн энергиясын багындырууга далалат кылат, өзү чыгарган машинени айдайт, машинесине май керек эмес, ага айдоочу деле керек эмес, ал бармагын бир чырк эттирип финансы рыногундагы бааларды асмандын башына чыгарып, же болбосо эсин жогото төмөн түшүрөт.

Илон Маск жер шаарындагы эң бай адамдардын сап башында турат. 12-декабрга карата анын байлыгы $265,4 млрд түзөт. Бул сумма экинчи орунда турган Amazon'дун ээси Джефф Безостун байлыгынан $70 млрдга көбүрөөк. Ноябрдын башында Маск жеке байлыгы $300 млрдка жеткен тарыхтагы алгачкы адам болуп калды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4749