"Аалам сулуусу-2021" сынагында индиялык Харнааз Сандху жеңүүчү аталды
RU

"Аалам сулуусу-2021" сынагында индиялык Харнааз Сандху жеңүүчү аталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Аалам сулуусу-2021" сынагы Израилде, Кызыл деңиздин жээгинде өтүп 12-декабрда жыйынтыкталды. Аны индиялык Харнааз Сандху жеңип алды.

Маалыматка ылайык, Сандху 21 жашта. Ал актриса жана модель.

Ага таажыны өткөн жылдын сулуусу мексикалык Андреа Меса өткөрүп берген.

Эми аалам сулуусу Нью-Йорк шаарында жашап, көптөгөн мааракелерге катышат.

Лалела Мсване (ТАР) жана Надиа Ферейра (Парагвай) экинчи жана үчүнчу орунду ээлешти.

"Аалам сулуусу" сынагы алгачкы жолу Израль өлкосүндө өттү. Ага 80 өлкөдөн келген суллулар катышып миңдеген көрүүчүлөр келишкен, ал эми финал 170 өлкөдө түз эфир аркылуу көрсөтүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4752