Кафеде чыккан өрттөн эки күзөтчү каза болду
RU

Кафеде чыккан өрттөн эки күзөтчү каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 14-декабрда таңкы саат 6лар чамасында Ысык-Ата районунун, Новопокровка айылындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан кафеден өрт чыкты.

ӨКМ билдиргендей, өрттүн кесепетинен коопсуздук бөлмөсү күйүп, кафенин эки кароолчусу каза болгон.

Өрт саат 06:30да чектөөгө алынып, саат 06:50дө толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4759