Кыргызстандыктардын бардык малы эсепке алынат. Тоок, каз, үндүктөр дагы
Айыл чарба министрлиги Улуттук статком менен биргеликте Кыргызстандагы бардык малды эсепке алат.
Бекитилген планга ылайык, малды жана үй канаттууларын эсептөө 2021-жылдын 10-декабрында башталат. Алар айыл жергесин үймө-үй кыдырып, шаар аймагындагы жер тамдарды, дачадагы үйлөрдү, эс алуу үйлөрүн, пансионаттарды жана башка объектилерди (темир жол станцияларын, кашарларды, чабандын үйлөрүн, кыштоолорду ж.б.) текшеришет.
Эсептөөнүн кыскача жыйынтыктарын 24-январда чыгаруу пландалууда. Ал эми 2022-жылдын 16-февралына толугу менен бүтүрүшөт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/4764