Бишкектин базарлары жумасына канча күн иштешет?
RU

Бишкектин базарлары жумасына канча күн иштешет?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук базарларда жумасына бир эле күн санитардык күн болот, бирок аны бардык шарттарды сактоо менен ишке ашыруу зарыл. Бул тууралуу соодагерлердин митингинен кийин Бишкектин мэриясы билдирди.

Эске салсак, Орто-Сай базарынын соодагерлери киргизилген эки күндүк - дүйшөмбү жана бейбембиде киргизилген санитардык күнгө каршылык көрсөтүп, Суеркулов көчөсүн тосуп алышкан. Алардын айтымында, ушундай ыкма менен соодагерлерди вакцинациядан өтүүгө түртүп жатышат.

Жыйынтыгында, мэрия жумасына болгону бир күн санитардык күн боло турганын билдирди.

"Жаңы жылдык майрамдардын алдында жана кичи бизнести колдоо максатында, борбордун базарларында жумасына бир эле санитардык күн өткөрүлөт. Мындай буйрукту район жетекчилерине шаардын мэри Айбек Жунушалиев жөнөттү. Ал соодагерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргузүп, эмдөөдөн өтүү шарттарын түзүп берүүну талап кылды", - деп муниципалитет маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4770