Кыргызстандагы Казакстан элчилигинин фуршети Казнеттин нааразычылыгын жаратты (видео)
RU

Кыргызстандагы Казакстан элчилигинин фуршети Казнеттин нааразычылыгын жаратты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакта Казакстандын эгемендүүлүк күнүн Кыргызстанда белгиленгенин талкуу кылып жатышат.

Tengrinews.kz билдиргендей, Казак республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата расмий кабыл алуу учурунда, конокторду казы карта жана боорсоктордон тоо түрүндө жасалган тамак тартуулап сыйлашкан. Андан тышкары Казакстандын желеги түрүндөгү торт бар болчу.

"Казакстандын Кыргызстандагы эгемендүүлүк күнү. Казак элчилиги уюштурду. Бул казы-картадан жасалган Алатау тоолору. Мына бул боорсоктордон жасалган бак. Аябай оригиналдуу болуптур. Бул Нурсултан чокусу. Чак-чактан жасалган таттуу тоолор. Өзүнчө эле искусство. Азаматтар", - деп кадр артындагы үн айтып жатат.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма-сөз кызматы фуршет тартылган видеого комментарий берди.

"Бул катардагы эле фуршет. Болгону ашпозчу фантазиясын кошкон жана коюлган тапшырмага креативдүү мамиле кылды", - деп ведомсвто билдирди.

Оригиналдуу инсталляциялардын автору - кыргыз шеф-повар, кулинардык карвинг чебери Ырыскелди Таштанбек уулу экени белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4773