Жаңы конуштардагы үрөй учурган жолдор. Аларды ким оңдош керек?
RU

Жаңы конуштардагы үрөй учурган жолдор. Аларды ким оңдош керек?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media редакциясына күн сайын конуштардын тургундарынан жолдордо жөө да, унаа менен жүрүүгө да мүмкүн эмес деген арыздар түшүп турат.

Жарандар мектепке же жумушка жетүү үчүн аялдамага жеткенге чейин тизесинен баткакка батып калганына нааразы. Жаңы конуштардын көбү жерди басып алуудан улам түзүлгөндүктөн, бул жерде эч кандай инфраструктура же коммуникация жөнүндө сөз кылуунун кажети жок.

Келечек конушунда да эч кандай дренаждык система болгон эмес. Бул жерде маршруттук таксилерге шарт түзүү максатында транспорттук ишканалар тарабынан жол бир нече жолу оңдолгон. Бирок оңдоо иштери көпкө созулган жок.

Башка турак-жай массивдеринин кейпи деле мындан жакшы эмес. Жол тоңгондо көйгөйлөр азаят. Ал эми жаан-чачында баткак болуп, элди кыйнайт. Жайында болсо бардыгын чаң басып калат.

Kaktus.media сайтынын редакциясы калктуу конуштардагы жолдорду ким оңдошу керектигин аныктоону чечти.

Редакция биринчи кезекте жаңы конуштарды куруу менен алектенип келген Капиталдык курулуш коомдук-мамлекеттик башкармалыгына (ОГУКС) кайрылды. Бирок, азыр жолдор ага тиешелүү эмес экени белгилүү болду.

ОГУКСтун жетекчиси Болотбек Апиловдун айтымында, акыркы үч жылдан бери жолдорду куруу иштери толугу менен "Бишкекасфальтсервис" ишканасы тарабынан жүргүзүлөт.

"Планды алар өздөрү иштеп чыгышат, мэрия бекитет. Ал эми курулуш иштерин көзөмөлдөөнү муниципалдык чарба департаменти жүргүзөт. Быйыл өзгөчө кырдаал катары бизге тапшырма берилди. Калыс-Ордо, Мурас-Ордо жана Ак-Өргө конуштарына шагыл төгүү иштери жүрүп жатат. Ошондуктан биздин башкармалык жол куруу менен алектенбейт. Буга чейин буюртмачы катары иштеп, долбоорлорду түзүп келгенбиз. Азыр баарын "Бишкекасфальтсервис" тарабынан чечилип жатат. Ал эми биз башка объектилердин капиталдык курулушу менен алектенип жатабыз", - деп түшүндүрдү ал.

Депутат, "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын жетекчиси Талант Солтобаев алардын ишканасы калктуу конуштардын жолдорун алар оңдой турганын тастыктады.

Анын айтымында, жыл сайын план түзүлүп, аны Бишкек шаарынын мэриясы бекитет.

"План райондун тургундарынын суроо-талаптарынын жана сурамжылоолордун негизинде түзүлөт. Акимдиктер бюджетти түзүүдө мэрияга суроо-талаптарын жөнөтөт. Андан соң тизме түзүлөт. Аны жетектөөчү вице-мэр жана муниципалдык чарба департаменти бекитет. Биз бекитилген план боюнча гана иштейбиз", - деди ал...

Башкача айтканда, келерки жылга пландаштырылган көчөлөрдүн баракчасы түзүлө элек. Анткени бюджет долбоору адатта ар бир жылдын башында каралат.

Бирок, президенттин жарлыгы менен жер тилкелерин мыйзамдаштырган турак жай конуштарынын жашоочулары өз каражаттарынын эсебинен инфраструктураны уюштурууга – жолдорду оңдоого жана курууга, бала бакчаларды, мектептерди курууга жана башка иштерди жүргүзүүгө милдеттүү экенин эске сала кетели. Бул мыйзамда жазылган.

Башкача айтканда, Бишкек так ушундай шартта жерди трансформациялап жатат жана жер басып алгандардын айыл чарба жерлери үчүн 20 миллион доллардан ашык компенсациясы "кечирилет".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4776