Дубайдагы Кыргызстандын павильонунун көрүнүшү. Сүрөт
RU

Дубайдагы Кыргызстандын павильонунун көрүнүшү. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 14-декабрда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Бириккен Араб Эмираттарынын Вице-президенти, Премьер-министри, Дубайдын Эмири Мохаммед бин Рашид Аль-Мактум Дубайдагы ЭКСПО 2020 көргөзмөсүндөгү Кыргызстандын улуттук павильонуна барышты.

Дубайдын Эмири Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумга кыргыз элинин тарыхы жана маданияты, ошондой эле туристтик потенциалы, экономикалык өз ара аракеттенүү жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти.

Кыргыз павильонунун бир нече сүрөттөрү министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.

Эске салсак, Кыргызстандын павильонунун түзүлүшү жаңжал менен коштолду. Мекендештер Кыргызстандын павильону башка өлкөлөрдүн фонунда аянычтуу көрүнөрүн белгилешкен. Кыргызстандын бардык көргөзмөсү бир боз үйдөн жана бир нече экспонаттардан турган. Келгендер аны "Кыял" базарына салыштырышты.

Ал турсун павильонго келген ырчы Анжелика мекендештерине аны жакшыртуу үчүн каражат чогултууну сунуштаган.

Сын-пикирлерден кийин Тышкы иштер министрлиги өзгөртүү киргизүүнү убада кылган эле, бирок сүрөткө караганда, бардыгы ошо бойдон эле калган. Ал жерде дагы эле бир боз үй жана көргөзмөгө коюлган бир нече буюмдар турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4780