Скрябин атындагы агрардык университет атын өзгөртүүнү каалайт
RU

Скрябин атындагы агрардык университет атын өзгөртүүнү каалайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык технологиялар жана биомедицина университети болуп өзгөртүлмөкчү. Билим берүү жана илим министрлигинин токтому коомдук талкууга чыгарылды.

Университет "өлкөнүн жогорку окуу жайларында жана илиминде агро-инновациялык технологияларды жана биомедицинаны мындан ары өнүктүрүү жана жайылтуу үчүн" шарттарды түзүүнү каалайт.

"К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин окумуштуулары КЭРден келген кесиптештери менен биргеликте "Илимий-инновациялык агротехнопарк" биргелешкен долбоорун иштеп чыгышты. Негизги максат - айыл чарба өндүрүшүнө инновациялык агротехнологияларды киргизүү жана айыл чарба тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү, республиканы азык-түлүк менен камсыз кылуу",- деп айтылат маалыматта.

Бул ошондой эле азыркы дүйнөдө мамлекеттердин азык-түлүк коопсуздугу менен катар биологиялык коопсуздук маселеси курч турганын көрсөтөт.

"Өлкөдө вирусолог, иммунолог, биотехнолог жана селекционер сыяктуу биологиялык коопсуздук маселелерин чечүүчү негизги адистер жетишсиз. Коронавирустук инфекция менен күрөшүүдө бул иш жүзүндө тастыкталды. Учурда К.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы окуу жайда вирусологдор, эпидемиологдор, эпизоотологдор жана биотехнологдор окутулат. Ошондой эле бул окуу жайдын базасында биомедицина жана биотехнология боюнча адистерди даярдоого болот", - деп белгиленет.

Өлкөдө тамак-аш жана биологиялык коопсуздук боюнча адистерди даярдоо, адистиктер боюнча окутуу укугуна лицензия алуу жана уставды колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келтирүү үчүн университеттин атын өзгөртүү зарыл экендиги көрсөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4783