Ырчы Анжелика кыздары менен жол кырсыкка кабылды
RU

Ырчы Анжелика кыздары менен жол кырсыкка кабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы айым Анжелика аварияга түшүп, кичүү кызынын эки буту сынды.

Түп районунун ИИБси Kaktus.media'га берген маалыматы боюнча, авария 23-январда эртең менен болгон. Анжелика кыздары менен Караколдон Бишкекти көздөй жөнөп бараткан. Жол тайгак болгондуктан Балбай айылынын тушунан ырчынын Lexus-570 унаасы жолдон чыгып кеткен.

Авариянын айынан Анжеликанын 6 жашар кызы Айлин эки бутун сындырып алган. Калгандары жабыркаган эмес. Бардыгы Түп аймактык ооруканасына жеткирилип, биринчи медициналык жардам алышкан. Кечээ, 24-январда бардыгы Бишкекке жеткирилди.

Машинени Анжеликанын курбусу айдап бараткан экен. Унаада Анжелика жана анын эки кызы бар болчу.

Анжелика колдоо көрсөткөндөрдүн бардыгына ыраазычылык билдирип, Instagram'га пост жарыялаган.

"Аллахка чексиз мактоолор. Доктурларга таазим. Баары шүгүр. Чын жүрөктөн төртөөбүзгө берип жаткан дуаларыңыздар кабыл болсун. Аманбыз", - деп жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/478