Президенттин катчысы Айгүл Жапарова менен Оргалчанын байланышы боюнча комментарий берди
RU

Президенттин катчысы Айгүл Жапарова менен Оргалчанын байланышы боюнча комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев биринчи айым Айгүл Жапарова менен "Альянс" партиясынан депутаттыкка талапкер Токтобүбү Оргалчанын жакын таанышы делген маалыматка комментарий берди.

Султанбаев "КРнын Президентин жана ЖКнын депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамына ылайык, гендердик квотаны камсыздоо боюнча БШК кабыл алган процедуралык чечимдерин саясатташтыруунун, анын үстүнө, чайкоочулук кылуунун кереги жок экенин билдирди.

"Биринчи айым Айгүль Жапарованын Токтобубу Оргалча менен эч кандай байланышы жок жана аны менен эч качан тааныш болгон эмес", - деп баса белгиледи мамлекет башчынын басма сөз катчысы.

15-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлер арасында мандаттарды бөлүштүрүүдө аялдар үчүн сакталган мандаттардын санын белгилеген токтомго өзгөртүү киргизди. Жыйында "Альянс" партиясынын тизмеси менен ат салышкан Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча келип жатканы белгилүү болду. Анын транспорттук компаниясы президенттин жубайынын кайрымдуулук фонду менен тыгыз иштешкенин билүүгө мүмкүн болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4794