Күндүн сүрөтү. Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевге тууну кантип тапшырды
RU

Күндүн сүрөтү. Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевге тууну кантип тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 16-декабрда Садыр Жапаров УКМКнын No64479 аскер бөлүгүнүн түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына карата аскердик тууну тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Садыр Жапаров бул аскер бөлүгү СССР убагында СССРдин жогорку органдары менен байланышты камсыз кылуу максатында түзүлүп, талаптардын так сакталышы жана күжүрмөн даярдыгы менен өзгөчөлөнгөнүн айтты. Азыр да өзүнө жүктөлгөн бардык милдеттенмелерди талаптагыдай аткарып жатканын белгиледи.

Мамлекет башчы жаш жоокерлер, сержанттар, прапорщиктер жана офицерлер менен бирге жаш муундарга патриоттук тарбия берүүдө ардагерлердин уюмдарынын өзгөчө ролу тууралуу айтып өттү.

Расмий бөлүктөн кийин мамлекет башчысына генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы казармалуу аскер бөлүгү жана Кесиптик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун жаңы имараты көрсөтүлдү. Анын негизинде учурда УКМКнын окуу-тарбия иштери жүргүзүлүп, КР МУКК Академиясын куруу пландалууда.

Ошондой эле аскердик бөлүктүн ардактуу конокторунун китебине Садыр Жапаров да эсте каларлык жазуу калтырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4802