Садыр Жапаров: Сапар инибиздин аттарыбы? Ушул баасы менен тарыхта калсын
RU

Садыр Жапаров: Сапар инибиздин аттарыбы? Ушул баасы менен тарыхта калсын

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров тарых музейиндеги чуулгандуу аттардын бааларына комментарий берди.

15-декабрда президент Садыр Жапаров тарых музейине баш баккан. Ага негизги экспонаттар көрсөтүлүп, кийинчерээк экскурсиянын видеосу жарыяланды. Видеодо көрүнүп тургандай президент баасы көрсөтүлгөн аттардын фигураларына кызыгат. Ар бири 17 миң евро турат.

Белгилей кетчү жагдай, музейдин кызматкерлери аттардын бааларын калтырып коюну чечишкен.

"Бул Сапар инибиздин аттарыбы? 17 миң евро? Баасын калтырып туура кылгансыңар. Бул тарых болуп калат да. Кийинки муун ушуну көрүп уялат", дейт президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4806