Бирөө көз жумган. Бишкекте курулуш компаниясынын кампасы күйүп кетти
RU

Бирөө көз жумган. Бишкекте курулуш компаниясынын кампасы күйүп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-декабрда саат 02:14 чамасында Васильевский көчөсүндө автобазанын аймагындагы кампа күйүп кетти. Өрт чыккан имараттан эркек кишинин жансыз денеси табылганын ӨКМдин басма сөз борбору билдирди.

Маалым болгондой, курулуш компаниянын 50 чарчы метри күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө №4 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, саат 02:43тө өрт локализацияланып, саат 05:17де толугу менен өчүрүлгөн.

Куткаруучулар кампанын ичинен болжол менен 45-50 жаштагы К.Н.нын жансыз денесин табышкан. Ал Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4813