Ушул жекшемби, 19-декабрь Айтыш боюнча эркин чемпионат өтөт!
RU

Ушул жекшемби, 19-декабрь Айтыш боюнча эркин чемпионат өтөт!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдө - Curltai - эркин чыгармачылык аянты долбоорунун алкагында уюштурулган Curltai Folk жаңы эркин Айтыш чемпионаты өткөрүлөт. Curltai Folk долбоорунун милдети – эң алдыңкы технологияларды колдонуу менен ата-бабаларыбыздын баа жеткис мурасын сактоо жана жаңылоо. Мурастарды заманбап дизайнда чечмелөө жана бул байлыкты келечек муундарга заманбап форматта, салтты урматтоо менен тартуулоо.

Айтыш боюнча эркин чемпионат 19-декабрда Бишкек шаарында өтөт, дареги: Асанбай маданий борбору. Чемпионаттын өзгөчөлүгү 360 градуска тартуу, көптөгөн кинокамералар жана жогорку технологиялык үн менен коштолгон болот.

Калыстык кызматты КР Эл артисти Саламат Садыкова, КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү, "Манас Мурас" коомдук фондунун жетекчиси Исаков Рысбай - манасчы, КР Эмгек сиңирген артисти Амантай Кутманалиев, ал эми Curltai Folk Youtube каналында көрүүчүлөр арасында онлайн добуш берүү болуп, анын "элдик" акынын тандоого болот. Калыстын ачык-айкындуулугу үчүн жана онлайн добуштарды көз карандысыз эсептөө үчүн иш-чаранын өнөктөшү НАКАТОМИ ЖЧК юридикалык фирмасы тарабынан өткөрүлөт.

Чемпионаттын музыкалык коштоосунда атагы алыска чыккан "Ордо Сахна" фольклордук-этнографиялык театры болот. Чемпионаттын көрүүчүлөрү коллективдин жаңы альбомунан чыккан композицияларды дагы уга алышат.

Жалпы байге фонду 500 000 сом, жеңүүчү акча байгесин жана демөөрчүлөр тарабынан атайын күмүш чемпион курун алып кетет.

Иш-чаранын башкы демөөрчүсү - MegaCom улуттук уюлдук оператору, расмий демөөрчүсү - Шоро компаниясы, расмий банкы - Бакай Банк.

Иш-чарага билеттерди https://ticket.kg/event/aytish дарегинен сатып алсаңыз болот.

Билеттер боюнча суроолор: + (996) 999 75 66 66

Ал эми жаңылыктар үчүн, мисалы атаандаштардын тизмесин Curltai Folk Instagram баракчасынан тапса болот https://www.instagram.com/curltai.folk/

8-декабрда саат 17-00 дө Асанбай борборунда акындардын чучу-кулак тартуусу болуп, атаандаштары аныкталды. Иш-чараны алып баруучулары Эркин Нурбаев менен Кубат Тукешов ачып, чемпионаттын эрежелери тууралуу айтып, жаңы эркин айтыштын калыстарын жана демөөрчүлөрүн тааныштырышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4820