Камчыбек Ташиев кайрадан социалдык тармактарда жанданды
RU

Камчыбек Ташиев кайрадан социалдык тармактарда жанданды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев Фейсбук баракчасына небереси Алмир менен чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялады. Сүрөт Барпы айылындагы ата-энелеринин үйүндө тартылган.

"Ата -энемдикине келдим, баары башкача, неберем Альмир тосуп алып жатат!" - деп жазган УКМКнын башчысы.

Белгилей кетсек, бул Ташиевдин көптөн бери өзү жазган биринчи посту. Ага чейин саясатчынын баракчасы жигердүү эмес болуп, ишмердүүлүгү же эс алуусу тууралуу маалыматты журналисттер же УКМКнын басма сөз кызматы гана жарыялап келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4824