Бишкекте чак түштө эки жигит башка бирөөнүн унаасын өрттөп жиберишти. Видео
RU

Бишкекте чак түштө эки жигит башка бирөөнүн унаасын өрттөп жиберишти. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

18-декабрда Бишкектин бешинчи кичирайонунда унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына окуянын күбөлөрү билдирди.

Алардын айтымында, унаа мектептин жана турак жайлардын жанындагы короодо күйүп кеткен. Болжол менен атайын өрттөп салышкан, эч ким жабыркаган эмес.

"Жигиттер короодо ойноп жатыптыр, белгисиз эки жигит машинаны өрттөп салышкан, кантип экенин билбейм. Анан алар качып кетишкен", - деди окуянын күбөсү.

Ал окуя болгон жерге тез арада милиция кызматкерлери, андан соң өрт өчүрүүчүлөр келишкенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, бул жер тилкеси талаштуу болгон. Жакында эле кичирайондун тургундары бул жерге көп кабаттуу үй салууга каршы чыгышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4825