Шевченко жогорку окуу жайдын ардактуу профессору болду
RU

Шевченко жогорку окуу жайдын ардактуу профессору болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Валентина Шевченкого Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ардактуу профессору наамы ыйгарылды. Бул тууралуу спортчу Instagram баракчасына жарыялады.

Шевченко ал үчүн чоң мааниге ээ болгон жаңы жетишкендикти алуу чоң сыймык экенин белгиледи. Ал мындан 13 жыл мурун бул университетти кинорежиссер адистиги боюнча аяктаганын да эске салды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4827