"Менин балдарым да чоң атасын сагынды". Атамбаевдин уулу Ташиевдин сүрөтүнө жооп кайтарды
RU

"Менин балдарым да чоң атасын сагынды". Атамбаевдин уулу Ташиевдин сүрөтүнө жооп кайтарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин небереси менен түшкөн сүрөтүнө реакция кылды. Сеид Атамбаев анын балдары да чоң атасын сагынганын баса белгиледи.

"Жүрөктү элжиреткен сүрөт! Камчыбек Ташиев небересин алдына алып, мээрим төгүп, чынында адамгерчилик менен кармап отурат, анткени ар кимибиз ата, чоң атабыз! Менин балдарым да сүйүктүү чоң атасы жок өсүп жатышат, ошо бойдон эле чоң ата мээримин көрбөй өсүшөт го! Аябай сагынышат, чын!" - деп Сеид Атамбаев өзүнүн баркчасына жазган.

Эске салсак, 18-декабрда Камчыбек Ташиев өзүнүн социалдык баракчасына небереси менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, "Ата -энемдикине келдим, баары башкача, неберем Альмир тосуп алып жатат!" - деп жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4832