Жалал-Абадда эл Жапаровдун кортежин жол жээкке кыдырата тизилип алып тосушкан
RU

Жалал-Абадда эл Жапаровдун кортежин жол жээкке кыдырата тизилип алып тосушкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунда президент Садыр Жапаровдун кортежин жолдун эки тарабына тизилип тосуп алган жашоочулардын видеосу тарады. Анда жергиликтүү тургундардын желектерди булгалап, өлкө башчысынын кортежин өткөрүп жатканын көрүүгө болот.

Видеону бөлүшкөн социалдык тармактын колдонуучусу: "Өзүңөр ирээнжибей элесиңерби? Ушуну уюштурган жетекчилердин баарын жоопко тартып, жумуштан айдаңыз! Бул аппараттан баштап губернатор, айыл өкмөткө чейинки схема", - деп жазган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, жол жээкке мугалимдерди, жергиликтүү ФАПтын мед.кызматкерлерин жана бюджетте иштеген башка жумушчуларды президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Кмчыбек Ташиевди тосуп алуу үчүн кыдырата тизишкен. Божомолдоолор боюнча бул жергиликтүү бийликтин буйругу менен ишке ашырылган.

Эске салса кетсек, Жалал-Абад облусундагы Барпы айылы Камчыбек Ташиевдин кичи мекени.

Башка колдонуучулар бул көрүнүшкө нааразычылыгын билдиришип, элди минтип көчөгө чыгууга мажбурлаган атка минерлерди жазалоону талап кылган билдирүүлөрдү калтырышкан.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 18-19-декабрда жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусунда болду. Өлкө башчысы аталган аймакта УКМКнын Чек ара кызматына тапшырылган "Байрактар" учкучсуз учактарын кабыл алды. Ошондой эле курулуп жаткан социалдык объектилер менен таанышты.

Маалымат super.kg сйтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4834