Жапаровдун кортежин тосууга мажбурлашкан. Президенттин администрациясы жооп берди
RU

Жапаровдун кортежин тосууга мажбурлашкан. Президенттин администрациясы жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Президент Садыр Жапаров мындай демилгелерге каршы" - президенттик администрациянын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев ушундай комментарий берди. Эске салсак, Барпы айылынын бюджетте иштеген жумушчуларды президенттин жана УКМКнын төрагасынын кортежин тосуп алуу үчүн жол жээкке кыдырата тизишкен.

"Жалал-Абад облусундагы окуя боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлүүдө, андан тышкары жергиликтүү элди чындап эле мажбурлашканбы аныкталууда", - деп билдирди басма сөз кытчысы.

Эске сала кетсек, 19-декабрда Садыр Жапаров жана кмчыбек Ташиев иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барышкан. Жергиликтүү тургундардын айтымында, жол жээкке мугалимдерди, жергиликтүү ФАПтын мед.кызматкерлерин жана бюджетте иштеген башка жумушчуларды президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Кмчыбек Ташиевди тосуп алуу үчүн кыдырата тизишкен. Божомолдоолор боюнча бул жергиликтүү бийликтин буйругу менен ишке ашырылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4836