Ысык-Көлдө эркектин сөөгү табылган. Милиция өздүгүн тактоо үчүн жардам сурайт (сүрөт)
RU

Ысык-Көлдө эркектин сөөгү табылган. Милиция өздүгүн тактоо үчүн жардам сурайт (сүрөт)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы, 16-декабрда Семеновка жана Ананьево айылдарынын ортосунда, Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунан европа улутундагы адамдын сөөгүн тапкан. Анын өздүгүн тактоо үчүн жардам берүүнү өтүнөт.

Белгилери: бою 175-180 см, болжолдуу жашы 55-60 жашта, арыкчырай, сол далысында түбөлүк оттун үлгүсүндөгү "МВО" татуировкасы жана 1978-1980-ж. деген жазуу бар.

Ал күрөң аялдардын пальтосун, "Adidas" логотиби түшүрүлгөн кара спорттук шым, ак жана көк чекиттердеги көйнөк, кара гелий гөлөш кийип жүргөн.

Сүрөттөгү адам тууралуу билгендер болсо 0709 20 30 87, 03943 4 39 80, 102 номурларына чалууну суранабыз.

Этият болуңуз сүрөттөр бар
Жабуу
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4839