Досуңуз эмне кылып жатат? Дарыгер президентке кайрылды
RU

Досуңуз эмне кылып жатат? Дарыгер президентке кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев менен кат алышуусу менен таанылган дарыгер Бахтияр Абсаматов багынбай жатат. Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысын Абсаматов дебатка чакырганда ал орой жооп берген. Андан кийин дарыгер Министрлер Кабинетинин бүтүндөй аппаратына видеокайрылуу жасап, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жалпы жамаатын да дебатка чакырып, анда да жооп алган эмес. Эми бул жолу президентке кайрылды.

"Урматтуу Садыр Нургожоевич, дагы канча чыдаш керек, медицинада болуп жаткан окуяларга көңүл бурбай жатасыз? Эскерте кетким келет, Кыргызстанда иштеген дарыгерлер да эл болуп саналат. Эгер болуп жаткан окуяларга көз жумуп, жардам берүүгө албай жатсаңыз, анда дагы эмне кылышты билбейм ...

Досуңуз Бейшеналиев эмне кылып жатат? Саламаттыкты сактоо министри кызматын бир жылдан бери аркалады, бирок жасаган реформаларынын бири дагы элдин, саламаттыкты сактоо тармагынын кызыкчылыгын көздөгөн жок. Сүйлөгөн сөздөрү шылдынга алынып, кишини уялтат. Эмне үчүн чара көрбөй жатасыз? Чечим кабыл алуу үчүн сизге дагы эмне керек?

Урматтуу дарыгерлер жана медицинанын келечегин ойлогондор! Саламаттыкты сактоо коомчулугунун атынан Бейшеналиевге каршы петиция жарыялайм. Ар бир саламаттыкты сактоо уюму мага кол коюлган документти [email protected] почтасына жөнөтсө болот, - деп Бахтияр Абсаматов кайрылуу жасады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4840