Сиз кимди жылдын адамы деп эсептейсиз? Сурамжылоо
RU

Сиз кимди жылдын адамы деп эсептейсиз? Сурамжылоо

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media 2021-жылдын адамы деп кимди эсептейсиз деген сурамжылоо жүргүздү. Окурмандардан дээрлик 200дөй жооп келген.

Көбүнчө олимпиадалык спортчуларды жыл адамы деп белгилешкен – чогуу да, өзүнчө да.

Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Акжол Махмудов

Биздин олимпиадачылар алтын албаса да Кыргызстан үчүн Олимпиада оюндарынын чыныгы жеңүүчүлөрү болуп калышты. 2021-жыл кыргыз спортчулар үчүн чындап триумфалдуу жыл болду. Рахмат, урматтуу спортчулар!

Садыр Жапаров

Экинчи орунда президент Садыр Жапаров турат. Ал бир жылда шайлоодо жеңип, Конституцияны өзгөртүп, өлкөдө парламенттик башкаруу формасынан баш тартып, президенттик башкарууну кайтарып, бир топ иш-аракеттерди жасаган (басып алынган жерлерди мыйзамдаштырып, калктын бюджеттине жараша көмүр сатууга уруксат берди).

Үчүнчү орунда - Кыргызстандын калкы. Тамак-ашка, күйүүчү-майлоочу майга болгон баалардын өсүшү, саясаттагы коогалаңга жана бюджеттин тартыштыгына карабастан, кубанганды, боор ооруганды, сүйгөндү билген - кыргыз эли жылдын каарманы деген аныктама берилди.

Бир мандаттуу округ боюнча шайлоодо жеңишке жетишкен Дастан Бекешев да жылдын адамы аталды.

Валентина Шевченко бул жылы дагы бир ирет чемпиондук наамын коргоп, киного тартылып, башка көптөгөн пайдалуу иштерди жасаган дагы бир спорт жылдызы.

Ал үчүн бир гана багынбаган Аманда Нуньес калды. Муну да жеңерине ишенебиз.

Кыргызстандыктар ошондой эле Алмазбек Атамбаев, Назира Айтбекова, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев (коронавирусту уу коргошун чөбүнүн тундурмасы менен дарылоо), Камчыбек Ташиев, Эрулан Көкүлов, Ассоль Молдокматова, Бабур Төлбаев, Болот Ибрагимов жана башкалардын ысымдарын аташкан.

Айрымдары өз ата-энесин, жана жеке ларга жардам берген адамдардын ысмын атап жылдын мыктысы деп жазышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4847