Сүт ташуучу унаа бир кишини өлтүрө сүзгөн (видео)
RU

Сүт ташуучу унаа бир кишини өлтүрө сүзгөн (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чекиш-Ата базарынын аймагында сүт ташуучу унаанын айдоочусу эркек кишини сүзүп кеткен. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, кырсык бүгүн саат 13:30дар чамасында болгон.

"Жолдон өтүп бара жаткан адамды сүт ташуучу унаанын айдоочусу сүзүп кетип, ал ошол жерден көз жумган. Учурда Аламүдүн РИИБнин тергөө тобу жеринде иштеп жатат", - деп түшүндүрүштү милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4849