Саламаттык министри эл алдына көгөргөн көзү менен чыгып сүйлөдү
RU

Саламаттык министри эл алдына көгөргөн көзү менен чыгып сүйлөдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эл алдына көгала көзү менен чыккан. Көпчүлүк көзүнүн көгөргөнүн "Ала-Тоо 24" телеканалындагы репортаждан кийин байкашкан. Анда Бейшеналиев коронавирустун жаңы штаммы боюнча комментарий берген. Көзүндөгү көгала эле эмес, бетинин жогору жагы кызарып турганын да байкоого болот.

Белгилей кетсек, жаңылык публикациялангандан кийин "Ала-Тоо 24түн" YouTube-каналындагы репортаж өчүрүлүп, кайра жаңысы, Бейшеналиевдин комментарийи жок жарыяланган.

Саламаттык министрлигинин басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, 17-декабрда, "Алтын балалык" реабилитациялык борбордун территориясында бак тигип жаткан учурда Бейшеналиевдин үстүнө арча кулап түшүп, көзү көгөрүп калган. Басма сөз кызматы ошол күнү жарыялаган жаңылыктарды көрүп, чындап эле көзү ошол күнү да көгөрүп жүргөнүн байкоого болот.

"Ал оорудум деп больничныйга чыгып алса болот болчу. Бирок ушундай оор күндөрү да элге кызмат кылып, постун таштаган жок", - деп министрликтин басма сөз кызматы кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4852