Акаев Жапаров менен Путин анын коопсуздугуна кепилдик бергенин айтат. Маек
RU

Акаев Жапаров менен Путин анын коопсуздугуна кепилдик бергенин айтат. Маек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев 20-январь күнү эртең менен Бишкекке келип, УКМКга сурак берип кайра Москвага кеткен. Аскар Акаев "Московский комсомолец" гезитине келечекте кандай пландары бар экенин айтып берди.

- 2021-жылы мекениме эки жолу барып келдим жайында бир жума, кышында бир жумага.

Ал жакта күн сайын эртеден кечке укук коргоо органдары менен абдан тыгыз иштештим.

Азыр үй-бүлөмө карата эч кандай дооматтар жок, бардык иштер жабылды деп айта алам. Эми мен Кыргыз Республикасынын башка жараны сыяктуу эле ал жакка каалаган убакта кире алам.

Албетте, буга азыркы президент Садыр Жапаровдун салымы чоң. Ал өзү мага телефон чалып, 16 жылдан бери Кыргыз Республикасында мага карата көптөгөн ар кандай иштер чогулуп жатканын, аларды жабуу үчүн менин түшүндүрмөлөрүм жана жоопторум керектигин айтты. Бишкекке чакыруусун ыраазычылык менен кабыл алдым.

Андан сырткары УКМКнын башчысы, генерал Камчыбек Ташиевге ыраазымын. Ал жана анын бардык кол алдындагылары мага абдан жакшы мамиле кылышты.

-Жайында барганда алданып калуудан же кандайдыр бир провокация жасайбы деп кооптондуңуз беле?

- Эч кандай шек болгон жок, анткени менин сапарымдын маселеси Россия менен Кыргыз Республикасынын президенттери Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун деңгээлинде макулдашылган. Мен Владимир Владимировичке Россияда мага ушунчалык меймандос мамиле кылганы үчүн чексиз ыраазымын. Бул жерде иштегениме 16 жыл болду, менин үй-бүлөм үчүн эң ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

-Бүгүнкү күндө КРдагы эң ызы-чуу болгон окуя Кумтөр алтын кени болуп жатат, сиз ошол боюнча көрсөтмө бердиңизби?

- Ооба, күбө катары да, айыпталуучу катары да Кумтөр иши боюнча сурак бердим. Бишкекте мага берилген суроолордун көбү ушул ишке байланыштуу. Анткени, мен бул ишкана тууралуу эң көп билем, инвесторду 1990-жылдардын башында тапкан мен болгом. Алар алгач жакшы иштешкен. 1990-жылдары бийик тоолуу жердеги рекорддук мөөнөттө, үч жылдын ичинде Борбордук Азиядагы эң ири алтын казуучу ишкана курулган. Биринчи алтын 1997-жылы берилген. Бирок, 2000-жылдардын башында алар кыянаттык менен пайдаланып, экологияга чоң зыян келтирип, айрым чиновниктерибизди коррупционер кылышты.

Мындан ары айта албайм. Өзүмө тиешелүү суроолордун баарына жооп берип, тергөөчүлөргө эл аралык соттордо жардам бере турган бардык керектүү маалыматтарды берүүгө аракет кылдым.

- Кандай деп ойлойсуз, Кыргызстандын сотто жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү канчалык?

- Мүмкүнчүлүгү чоң, анткени экологияга зыяны абдан чоң болгон. Жалпысынан айта кетейин: эки мөңгү бар – Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү. Алар Орто Азиядагы эң ири дарыялар болгон Сырдарыя менен Нарынды сугарышат. Бул мөңгүлөрдүн эрүүсүн тездеткен, булганышын күчөткөн. Ошол эле учурда кеп таза суунун булактары жөнүндө болуп жатат, алар жакынкы келечекте алтындан да кымбаттайт. Сотто Кыргызстан утуп, Кумтөр элдин кызыкчылыгына жумшалат деп ишенем.

- Башка мамлекет башчыларынан көрсөтмө алышабы?

- Азыр Кумтөр маселеси боюнча мурдагы эки премьер-министрдин үстүнөн тергөө жүрүп жатат. Бийлик бул ишке чекит коюуну көздөөдө.

- Эмне үчүн мурда сизге коюлган айыптарды алып салгылары келген жок?

- Бүгүн эл аралык коомчулук 2005-жылы Кыргыз Республикасында мамлекеттик төңкөрүш болгонун моюнга алууда. Ал окуяларды Бакиев, Атамбаев, Отунбаева жетектеген. Алар кезек-кезеги менен президент болуп, ар дайым менин үстүмөн кандайдыр бир ишти казууга аракет кылышты. Бирок, башкы прокуратура айыптоолордун көбү чындыкка коошпогондугун моюнга алды. Атамбаевден кийин анын жанындагы Жээнбеков бийликке келди, ал дагы менин суроомду объективдүү кароого кызыкдар болгон жок.

Жалгыз Жапаров мага калыс мамиле жасады. Ал кылмыш иштерин жокко чыгара албастыгын, алардын жабылышы үчүн менин суроолорго жооп беришим керектигин айтты. Мен буга макул болдум.

– Жапаровдун чакыруусу күтүүсүз болдубу?

- Чынын айтсам, чалуу абдан күтүүсүз болду. Ишим мынчалык тез чечилет деп ойлогон да эмесмин.

- Жапаровдун сунушун укканда биринчи эмне деп ойлогонсуз?

- Мен дароо үйгө кайтып келе аларымды түшүндүм. Мурунку президенттердин тушунда прокурорлор кайрылышкан. Анын үстүнө алар мени издөөдө жүргөндөрдүн тизмеси, узак мөөнөткө эркинен ажыратуу ж.б.у.с. деп коркутушкан. Мен алардын бардык сөздөрүнө көңүл бурбай, мени коркутпагыла деп айткам. Анткени мени улуу Россия коргойт. Ал эми мунусунда президент өзү чакырды.

- Кыргызстанга көчүп кетесизби же азырынча Россияда каласызбы?

- Россияда калам, анткени бул жерде менин кызыктуу жумушум бар. Москва мамлекеттик университетинин механика-математика факультетинде иштейм, ал жерде көрүнүктүү окумуштуулардын катарындамын. Илимий иштерде алдыңкылардын катарында болуу абдан маанилуу. Чыгармачылык күч-кубатым сакталып турганда, мен Москва мамлекеттик университетинде ишимди уланткым келет.

Анын үстүнө өткөн күнү мага эң мыкты окумуштууларга ыйгарылуучу эң жогорку илимий сыйлык – биринчи даражадагы Ломоносов атындагы сыйлык тапшырылды. Жыл сайын биринчи даражадагы бир сыйлык жана экинчи даражадагы эки сыйлык берилет.

Мен 16 жылдан бери иштеп келе жаткан коллективге абдан ыраазымын. Кыйын жылдары мени колдоп, илим менен алектенүүгө күч-кубат беришкен. Айрыкча, ректорубуз Виктор Садовничийге, азыркы замандын көрүнүктүү математиктерине ыраазымын. Мен анын жетекчилиги астында, анын эң сонун илимий мектебинде иштегениме бактылуумун.

- КР өзгөрүптүрбү?

- Абдан катуу. Көбүнчө жакшы жакка. Турмуш кызуу жүрүп, өнүгүп баратат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4858