Блогер Ажар чечинип, табигый нерсени көрсөтүу уят эмес, деп жазган (фото)
RU

Блогер Ажар чечинип, табигый нерсени көрсөтүу уят эмес, деп жазган (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бизде Инстаграмда каалагандай сүрөткө түшө албайсын. Себеби, бизде бирөөнүн тандоосун сыйлаганды билишпейт. Бул тууралуу блогер Ажара соцтармактагы баракчасына жазып, сүрөттөрү менен бөлүштү.

"Ар бир адам, өз жашоосун кантип жашашын өзү билерин, өзүнүн ой-жүгүртүүсү, көз карашы менен жашаганга акысы бар экенин элдер түшүнбөйт. Баары эмес. Алар өздөрүнө окшоп баары: "Эл эмне дейт?" "Уят!" деген принциптер менен жашашы керек деп ойлошот. "Биздин ата-бабабыз ушинтип жашашканбы?" дешет. Биздин ата-бабабыз мусулман болгон эмес. Алар шаманизм менен жашаган (таштарга, отторго сыйынып). Бирок кийин өзүлөрүнө Ислам динин тандап алышкан. Аларда тандоо болгон. Бирок эмнеге азыр бизде тандоо жок? Биз менталитет, үрп-адат, салт санаа менен жашаганга милдеттүү эмеспиз. Биз мыйзам менен жашаганга милдеттүүбүз. А мыйзамда биздин өлкө мусулман эмес, светтик өлкө. Дегеле ачык кийинген жаман эмес, табигый нерсени көрсөтүү бул нормалдуу нерсе. Жакпайбы, көрбө!",- деп жазды.

Блогер мындан тышкары, кандай адамдарды эң жаман деп эсептерин айтты. "Менин оюмча эң жаман адамдар булар эки жүздүү адамдар. Ыймандуу бирок бирөөлөрдү ушактайт, комменттарийлерде ар кандай жаман сөздөрдү жазат, аялын урат, кыздарды зордуктайт, ойнош ойнойт анан комментарийде ыймандуу болуп жазышат. "Жаштарга кандай үлгү болуп жатасын?" дегендерге, мен жаштарга өзүңөр каалагандай жашагыла, тандоо силердин колуңарда деп айтам. Алардын тандоо укугу болушу керек, хиджаб кийеби, ачык кийинеби, мусулман болобу, христиан болобу, бул алардын жашоосу!",- деди ал.

Бул постту бир нече маалыматтык сайттар жана аккаунттар чыгарышкан бирок, kaktus.kg редакциясы посттун түп нускасын таба алган жок.

Эске салсак, Ажар Сатарбаева үйү жок кембагалдарга жардам берип, чач-тарач салонуна алып барып, кийим алып бергенден кийин популярдуу болгон. Быйыл 2021-жылдын июнь айында инстаграм баракчасында мас абалында түз эфирге чыгып, сөгүнүп, катталуучуларын кемсинткен. Андан кийин ал элге кайрылып кечирим сурап, инстаграмдагы аккаунтун өчүрүп салган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4867