"Манас" аэропортунан экс-депутат кармалды
RU

"Манас" аэропортунан экс-депутат кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бактыбек Калмаматов "Манас" аэропортунда учактан чыгарылып, УКМКга суракка алынып келинди. Видео Facebook тармагында бөлүшүлгөн.

Калмаматов кичи ажылыкка барам деп чыкканда аэропорттон чек арачылар УКМК киргизген чектөөдөн улам жол бере албайбыз дешти. "Учурда мени күбө катары суракка чакырышты. Мен билбейм бирок, кандай болгон учурда да мен өзүмдү тазамын деп эсептейм. Андыктан корко турган эч нерсем жок жана мен үчүн кооптонуунун да кереги жок", - деди Калмаматов.

Видеону тарткан аял депутатты жакында эле Honda CRV үлгүсүндөгү унаадан көргөнүн айтууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4870