Атамбаевдин тарапташтары анын бошотулушун күтүүдө (видео)
RU

Атамбаевдин тарапташтары анын бошотулушун күтүүдө (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 22-декабрда Кыргызстандын Жогорку соту Азиз Батукаевди камактан мыйзамсыз бошотуу кылмыш ишин кайрадан карап жатат. Бул иш боюнча негизги айыпталуучу катары Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев өтүүдө.

Белгилей кетсек, сот Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыраткан.

Жогорку соттун алдына Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулган.

Адвокат Сергей Слесаревдин айтымында, эки башка кылмыш иштер боюнча жазага тартуу чарасы жокко чыгарлыгандыгы тууралуу документтер анын колуна тие элек.

"Эгер бүгүн соттук коллегия биринчи жана экинчи инстанциянын Батукаев боюнча иштерин жокко чыгара турган болсо, аны камактан бошотушу керек", - дейт Слесарев.

Белгилей кетсек, соттун жыйыны жабык тартипте өтөт. Сергей Слесарев буга нааразы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4874