Унаадан табылган жубайлар конокко барышмак, бирок гараждан чыга электе каза болушкан
RU

Унаадан табылган жубайлар конокко барышмак, бирок гараждан чыга электе каза болушкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын облусунун Ат-Башы районунда унаадан жансыз денелери табылган жубайлардын сөөгү бүгүн, 22-декабрда жерге берилет. Бул тууралуу Super.kg порталына Баш-Кайыңды айылынын айыл өкмөт башчысы Аскар Мамытов билдирди.

Маалыматка ылайык, жубайлар окуя болгон күнү кечинде мал-жайын тейлеп коюп, үйдөн конокко барабыз деп чыгышкан.

"Бул үй-бүлөнүн 9-класстагы кызынын айтымында, ата-энеси ал күнү үйгө келген эмес. Ал эртең менен мектепке кетип, кайра түштө үйгө келгенде короодогу уйлар сыртка чыгарыла элегин көргөн. Мындан улам ал кошунасына уйлардын жиптерин чечип берүүнү суранып барган. Коңшу келип ата-энесинин досторуна телефон чалып көргөн. Алар жубайлар кечээ конокко келбегенин айтышкан. Ошондон кийин коңшу үйдүн тегерек-четин карап, жабылып турган гаражды ачканда унаанын ичинен жансыз денелерди көргөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алар гаражга кичине эшиктен кирип, чоң дарбазасын ачпай туруп унааны от алдырып, андан кийин аны жылыта башташкан. Ошондо эле газ чыгып алар уулана баштаган окшойт. Себеби гараж абдан тар болгондуктан аларга аба жетпей калган. Бирок алар жытты сезбей, унаанын жылышын күтүп отурган жерден каза болушу мүмкүн деп божомолдонууда. Себеби милиция кызматкерлери келип гаражды ачканда кадимкидей газдын жыты чыкты.

Бул үй-бүлө мал-жандуу, жакшы жашаган бүлөлөрдүн катарына кирчү. Маркумдар дагы жаркылдаган жакшы кишилер эле. Артында калган 5 баласына жаман болду", - деп билдирди айыл өкмөт башчы.

Окуянын чоо-жайы:

20-декабрь күнү Ат-Башы РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында гараждын ичинен Honda Odyssey унаасынын ичинен 1983-жылы туулган Д.С. жана 1982-жылы туулган М.Г. аттуу жарандар белгисиз себептерден каза болуп калгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Аталган билдирүү Ат-Башы РИИБи тарабынан каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда төмөнкүлөр аныкталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4877