Равшан Жээнбеков боштондукка чыгат. Күнү белгиленди
RU

Равшан Жээнбеков боштондукка чыгат. Күнү белгиленди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кой-Таш окуясы боюнча камакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков баш коргоо чарасы өзгөртүлгөндүктөн бошотулат. Бул тууралуу аталган ишке тиешеси бар дагы бир адам Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, жаңы Жазык-процессуалдык кодекске ылайык, соттук териштирүү учурунда айыпталуучуну бир жылдан ашык тергөө абагында кармоого болбойт. Эми тергөө абагында отурган Равшан Жээнбеков бошотулушу керек.

"Равшан Жээнбеков 27-декабрда түнкү саат 00:00дө бошотулат. Соттук териштирүүнүн мөөнөтү эки айга, 2022-жылдын 27-февралына чейин узартылды", - деди ал.

Мындан тышкары, башка тиешелүү адамдарга – Кундуз Жолдубаеванын өзүнө, депутаттар Асел Кодурановага, Ирина Карамушкинага жана күзөтчү Канат Сагымбаевге карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы жокко чыгарылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4879